Биз менен байланышыңыз

Маданият кызматкерлеринин 57%ын аялдар түзөт

Кыска кабар | 2 Ноя 2021 | 905 | 0

Кыргызстандын улуттук статистика комитети Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата материал даярдады. Ага ылайык, маданиятты жана искусствону өнүктүрүү максатында 1995-жылы Кыргыз өкмөтүнүн токтому менен маданият кызматкерлеринин күнү бекитилген. Анын максаты кыргыз элинин маданий жана тарыхый мурастарын андан ары сактоо жана пропагандалоо болуп саналат.

Республикада театралдык искусство өткөн кылымдын 20-жылдарында жарала баштаган. 1918-жылы Караколдо биринчи элдик театр түзүлгөн, анын курамы театр ышкыбоздору, негизинен жергиликтүү мугалимдерден турган. 1920-жылы Пишпек, Каракол жана Нарын уезддеринде да ышкыбоздук театрлар иштеген. Ал эми биринчи кесиптик театр 1926-жылы түзүлгөн.

Азыркы учурда республиканын аймагында 19 кесиптик театр иштейт. Алардын ичинен Бишкек шаарында — 8, Жалал-Абад облусунда — 2, Ош шаарында — 3, Нарын облусунда — 2 жана Баткен, Талас, Ош жана Ысык-Көл облустарында бирден театр жайгашкан. 2020-жылы театралдык жамааттар тарабынан 340 спектакль жана оюн-зоок көрсөтүлдү. Көрүүчүлөрдүн арасында абдан популярдуу болуп Чынгыз Айтматов атындагы Орус улуттук академиялык драма театры, Бишкек жана Ош шаарларындагы куурчак театрлары, ошондой эле Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры саналат.

Республикада кинонун өнүгүүсүнө токтолсок, революцияга чейин Кыргызстанда Пишпек шаарында бир гана кино орнотмосу болгон, ал шаардын борборунда — Эмен паркында курулган. Азыркы учурда республикада тасмаларды көрсөтүү үчүн жаңы технологиялар менен жабдылган заманбап кинозалдар бар. Республикада 45 кинотеатр иштейт, аларда 2020-жылы 50 миңден көбүрөөк сеанс көрсөтүлгөн жана 710 миң көрүүчү келген. Кинотеатрлардын эң көбү Бишкек шаарында (12) жана Чүй облусунда (8) жайгашкан.

2020-жылы өлкө аймагында 715 клуб тибиндеги маданият мекемеси иштеген, алардын 90 %дан көбүрөөгү айыл жеринде жайгашкан.

2020-жылдын аягына карата республикада 6 концерттик уюм, анын ичинде 3 филармония иштеген. 2020-жылы концерттик жамааттар жана аткаруучулар тарабынан 146 концерт берилген. Эл кыйла көп барган концерттер Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлөт.

2020-жылы республиканын аймагында 68 музей иштеген, алар тарыхый, тарыхый-этнографиялык, тарыхый-архитектуралык, тарыхый коруктар, мемориалдык, көркөм жана адабият музейлери тарабынан көрсөтүлгөн. Көрүүчүлөрдүн көңүлүнө 328 миңден ашык көргөзмө экспонаттары сунушталат.

Мындан тышкары 2020-жылы кыргызстандыктардын жана коноктордун бош убактысындагы маданий эс алуусун 43 маданият жана эс алуу паркы камсыз кылды, алардын ичинен 13 парк Бишкек шаарында жайгашкан.

2020-жылы маданият жана искусство чөйрөсүндө иштеген кызматкерлердин саны болжол менен 9 миң адамды түздү, алардын 57 %ы аялдар.

Copyright © 2017 Maral FM