Биз менен байланышыңыз

Маданият министрлиги Президенттин жарлыгы боюнча 5 багытта иш алып барууда

Коом | 16 Сен 2021 | 1505 | 0

Бүгүн, 16-сентябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова президент Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгына ылайык аткарылган жана пландалып жаткан иш-чаралар боюнча маалымат жыйын өткөрдү.

Анын айтымында, 24-июнда аталган жарлыкты ишке ашыруу үчүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлиги биргелешкен концепция кабыл алган.

«Өлкөдө жакынкы жылдарда кандай идеологиялык багытта иш алып барабыз? Эгемендиктин 30 жылдык тарыхында кемчиликтер да кетти, жакшы ийгиликтерге да жетиштик. Мына ошолордун баарын анализдеп, сөз жүзүндө эле калып калбастан, иш жүзүндө чындап аткарыла турган приоритеттерди тактоо болуп саналат. Учурда министрлик тарабынан иш пландын долбоору иштелип чыгып, Министрлер кабинетине сунушталды. Учурда бардык министрликтер менен макулдашуу этабы жүрүп жатат».

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги учурда 6 чоң багыт боюнча иш алып барып жатат: кесипкөй билим берүү, искусствону өнүктүрүү, тарыхый-маданий мурастарды сактоо, маалымат менен камсыз кылуу, спорт жана жаштар саясаты, ошондой эле этика. Аталган багыттар боюнча жетекчилер жана адистер тарабынан сунуштар алынып, иш пландын долбоору түзүлгөн.

«Учурда 12,5 миң маданият кызматкери бар. Өлкөнүн жалпы калкына бөлө турган болсок, миң адамга бир маданият кызматкери туура келет. Бул — өтө аз сан. Ошондуктан биз маданият кызматкерлеринин санына да, сапатына да көңүл бурушубуз керек. Негизги көйгөйлүү маселебиз — кызматкерлердин иш тажрыйбасын жогорулатуу. Ошондой эле эл арасынан жаш таланттарды издеп табуу».

Ошондой эле Маданият министрлиги оозеки чыгармачылыкты өнүктүрүү боюнча приоритеттүү багыттарды койгон. Анын алкагында Бишкекте Кыргыз улуттук «Манас» театрын ачуу иштери жүрүүдө. Ошондой эле 22-сентябрда Бүткүл дүйнөлүк эпостор фестивалы өткөрүлөт. Ага дүйнөнүн жыйырмадан ашуун өлкөсүнөн белгилүү окумуштуулар жана этнографтар чакырылган.

«Бул боюнча тиешелүү концепция иштелип чыкты. Устав, буйруктардын баары даяр болду. Учурда укуктук-ченемдик актылар даярдалууда. Алар бүтсө ишке кирет. Ошондой эле «Манас» мектебин түзүү каралып жатат. Бир эле Бишкек шаарында эмес, жер-жерлерде «Манас» мектебин түзүү иштери алып барылууда».

Мындан сырткары Маданият министрлиги тарабынан адабиятты өнүктүрүү максатында «Алтын калем» сыйлыгы иштелип чыккан.

«30 жыл аралыгында ар тирдүү себептерден улам адабият жанрын колдоо солгундап кеткен болчу. Текстти жазуу, тексттин сапатын белгилөө, атайын мамлекеттик буйрутмаларды берүү. Балдар үчүн кайсы тармактар калып кетти? Учурда баланы физика, химия, руханий өнүктүрүү тарабынан балдарга жеткиликтүү, кызыктуу маалыматты даярдап, китеп, энциклопедияларды түзүү колго алынбай кеткен. Мына ошолордун баарын жогорудагы жарлыкты ишке ашыруу максатында атайын планга киргизилди. Бюджеттен акча бөлүнүп, каржылык колдоо көрсөтүлөт. Ошондой эле мамлекетте тиешелүү мекемелерге сунушталат».

Салтанат Аманова 2016-жылы оңдоп-түзөө үчүн жабылган Тарых музейи боюнча да маалымат берди. Анын айтымында, оңдоо иштеринин кийинки этабы Германиянын компаниясына тапшырылгандыктан, учурда ал жактан адистер чакырылган. Ошондуктан Тарых музейи Германиядан адистер келип жумуштарды аяктагандан кийин, ноябрь айында ачылуусу күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM