Биз менен байланышыңыз

Казакстан менен Кыргызстандын маданият министрлери жолугушту

Кыска кабар | 7 Окт 2021 | 446 | 0

Бүгүн, 7-октябрда Казакстандын Маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова менен Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүнө эки тараптын маданият жана искусство мекемелеринин жетекчилери жана Кыргызстан менен Казакстандын белгилүү маданият өкүлдөрү катышып, кыргыз-казак мамилелери жана маданий-гуманитардык байланыштар талкууланды.

Ошондой эле маданият тармагында ишке аша турган бир катар долбоорлор айтылып, иш- чаралар тууралуу маселелер ортого салынды.

Кайрат Иманалиев Казакстан менен кызматташуунун бардык деңгээлинде иш алып барууга кызыктар экендигин айтты.

Ал эми Актоты Раимкулова Кыргызстанда өтө турган маданият күндөрүнө мыкты даярдыктар менен келгенин белгилеп, эзелтен кыргыз- казак элинин тарыхы жана маданияты бир экендигине токтолуп, 2022 –жылга Кыргызстанды маданият күндөрү менен келүүгө чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM