Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Маданиятты өнүктүрүүнүн улуттук программасынын долбоору талкууланат

Кыска кабар | 22 мая 2021 | 625 | 0

Бүгүн, 22- майда саат 11:00до Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Улуттук китепканасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан даярдалып жаткан 2030-жылга чейин Маданиятты өнүктүрүү Улуттук программанын долбоору талкууланат. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Талкууга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, коомдук – маданий ишмерлер, маданият тармагынын бардык өкүлдөрү катышат.

Театр, кино, сүрөтчү, жазуучулар, манасчылар, китепкана, музей тармактары талкууланат.

Copyright © 2017 Maral FM