Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Кыргызстанда китепкана күнү

Кыска кабар | 27 мая 2021 | 880 | 0

Бүгүн, 27-майда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында «Китепкана күнү» белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында министр Кайрат Иманалиев бир катар китепкана кызматкерлерине сыйлыктарды жана белектерди тапшырат. Иш-чарага республикалык, шаардык, райондук китепкана жетекчилери жана кызматкерлери катышат.

Эске салсак, Кыргызстандагы китепканаларды өнүктүрүү максатында Кыргыз Өкмөтү 2008-жылдын 17-июнунда «27-майды китепкана күнү катары белгилөө жөнүндө» токтом кабыл алган.

Copyright © 2017 Maral FM