Биз менен байланышыңыз

Иманалиев: Эгемендик жылдарында унутулуп бараткан салттуу өнөр кайрадан жанданды

Кыска кабар | 31 Авг 2021 | 451 | 0

Кыргызстан эгемендүүлүктү алган жылдан бери маданият тармагында бир далай жетишкендиктерге жетти. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев бидирди.

Анын айтымында, эгемендик жылдарында унутулуп бараткан салттуу өнөрлөр кайрадан жанданды.

“Өлкөбүз эгемендикке ээ болгондон кийин калыптануу жолунда өйдө-ылдый болот экен. Бирок улуттун рухун жандандырып, улутка дем күч бере турган бул- маданият. Маданиятта тапкан табылгаларыбыз, өксүктөрүбүз да болду. Табылгаларыбыз дегеним ошол убагында унутулуп жок болуп бараткан салтту өнөрлөрүбүз кайрадан тирилди. Эпос, музакылык аспаптар, элдик оозеки өнөрлөр, акындык өнөр кайрадан жанданды. Убагында саналуу манасчылар, төрт-беш эле төкмө акыныбыз калды эле эми минтип жаш төкмө акындар чыгууда.”

Copyright © 2017 Maral FM