Биз менен байланышыңыз

Эгемендиктин 30 жылдыгына карата Түркияда сүрөт көргөзмө ачылды

Кыска кабар | 24 Июн 2021 | 449 | 0

23-июнда Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын имаратында Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата Анкарадагы Кыргыз элчилиги демилгелеген фотосүрөт көргөзмө ачылды.

Көргөзмөгө Кыргызстандын байыркы тарыхын, бай маданиятын, кооз жаратылышын жана салттуу жашоосун чагылдырган кооз жайларын, улуттук спорт оюндарын чагылдырган 61 фотоэмгек коюлду.

Бул сүрөт көргөзмө буга чейин президент Садыр Жапаровдун расмий иш сапарынын алкагында эки мамлекеттин башчыларынын катышуусу менен Түркиянын президенттик Сарайында ачылган.

Көргөзмө ушул жылдын 30-июнуна чейин болот.

Copyright © 2017 Maral FM