Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Мамлекеттик башкаруудагы ири реформаларга кириштик

Кыска кабар | 29 Окт 2021 | 657 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркиянын Соода палаталар биримдигинин вице-президенти Сельджук Озтюрк жетектеген делегация менен жолугушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады, андан соң Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан даярдалган бир катар инвестициялык долбоорлордун бетачары сунушталды.

Акылбек Жапаров эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыктын маанилүүлүгүн жана олуттуу мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

«Биз өз ара соода жүгүртүүдөгү техникалык тоскоолдуктарды четтетүү боюнча чечкиндүү каамдарды жасоого мезгил жетти деп эсептейбиз. Учурда биз экономикадагы жана мамлекеттик башкаруудагы ири реформаларга киришүүдөбүз. Өнөр жай, айыл чарба, текстилдик өнөр жай, гидроэнергетика сыяктуу тармактардагы долбоорлорго өзгөчө басым жасалууда», — деди Жапаров.

Андан соң Акылбек Жапаров жолугушуунун катышуучуларына республикадагы алтын өндүрүү потенциалы тууралуу маалымат берди.

«Ошондой эле биз Кыргызстанда фабрика жана заводдор бир аймакта жайгашкан индустриалдык зона ачууга кызыкдарбыз. Министрлер кабинети катары аталган сунушту ишке ашыруу үчүн зарыл болгон тийиштүү колдоону көрсөтөбүз», — деп кошумчалады Жапаров.

Copyright © 2017 Maral FM