Биз менен байланышыңыз

Катуу жер титирөө Түркияны 5-6 метр жылдырды (карта)

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Фев 2023 | 1431 | 0

Күчтүү жер титирөөдөн улам Түркия 5-6 метр жылганын Италиянын Улуттук геофизика жана вулканология институтунун президенти Карло Доглони жергиликтүү гезитке курган маегинде билдирди.

Маалыматка караганда, Араб плитасы Анадолу плитасына карата түштүк-батыш тарапка жылып кеткен.

Түркиянын 5-6 метр жылганын айткан Доглиони эң так маалыматтар ESA Sentinel жана ASI CosmoSkymed спутниктери тарабынан жүргүзүлгөн байкоолордон кийин жакынкы күндөрдө белгилүү болорун кошумчалаган.

Ал ортодо Түркиянын сейсмологиялык кызматы цунами коркунучу бар экенин билдирген, бирок пайда болгон толкун алсыз жана кичинекей болуп, бийиктиги болгону 30 сантиметрге жеткен.

Copyright © 2017 Maral FM