Биз менен байланышыңыз

Түркия менен Сирияда катуу жер титиреди (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Фев 2023 | 833 | 0

Түркия менен Сирияда очогундагы күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.

Маалыматта Түркия менен Сириянын бир катар шаарларында имараттар кыйрап калганы айтылууда.

«Түркиянын өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына караганда, таңкы саат 4:17де Кахраманмараш провинциясынын Пазаржык очогундагы күчү 7,4 баллдык жер титирөө болгон. Силкинүү күчү Адана, Анкара, Анталия, Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфага чейин жеткен», — деп айтылат маалыматта.

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу өлкөнүн бир нече аймагында бир убакта болгон катуу жер титирөөлөрдөн улам өлкөдө эң жогорку кооптуу абал жарыяланганын билдирди.

Табият кырсыгынан курман болгондор бар. Түрк бийлиги канча адам каза тапканын расмий жарыялай элек.

Copyright © 2017 Maral FM