Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Түркиянын ири ишкерлери менен жолугушту

Кыска кабар | 12 Ноя 2021 | 468 | 0

Президент Садыр Жапаров 11-ноябрда, Түркиянын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин  мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитине катышуусунун алкагында Түркиянын ири ишкерлери менен жолугушту.

Президент Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда көптөгөн ийгиликтүү бизнес-долбоорлор ишке ашырыларына ишеним артып, Түркиялык ишкерлерди Кыргызстанга активдүү инвестиция салууга чакырды.

Садыр Жапаров инвесторлорду колдоо жана укуктарын коргоо боюнча чаралар, чет элдик ишкерлер үчүн жагымдуу шарттар жана алардын демилгелери менен долбоорлорун ишке ашырууга көмөктөшүү тууралуу айтып берди.

«Кыргызстан чоң инвестициялык потенциялга ээ болуп, Түркиялык инвесторлордун Евразиялык экономикалык биримдиктин, Кытай жана башка кошуна өлкөлөрдүн рыногуна чыгуусу үчүн «терезе» болуп бере алат жана болууга даяр» , — деди президент.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө түрк компанияларынын менеджментин жана алдыңкы технологияларын,  инвестицияларды тартууга кызыгуусун билдирди.

Президент Садыр Жапаров менен жолугушууга Түркиянын кен казуу, курулуш, энергетика, маалыматтык технологиялар, жеңил өнөр жай, ошондой эле саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарындагы ири компанияларынын өкүлдөрү катышышты.

Copyright © 2017 Maral FM