Биз менен байланышыңыз

Таланттуу акын Алыкул Осмоновду канчалык билесиз? (тест)

Блог | 12 Дек 2023 | 18718 | 1

12-декабрь, өлкөбүздө Улуттук адабият күнү белгиленип келет. Кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү болсо, кыргыз поэзиясынын таланттуу акыны Алыкул Осмоновдун каза болгон күнү. Сиз Алыкул Осмоновдун өмүр жолу, ырлары жана котормолору тууралуу канчалык билесиз, төмөндөгү тесттен өтүп көрүңүз.

Акын Алыкул Осмоновдун каза болгон күнү?

Correct! Wrong!

Акындын “Сабаттуу бол” гезитине басылып чыккан алгачкы ыры?

Correct! Wrong!

Алыкул Осмонов Пушкиндин кайсы чыгармасын которгон?

Correct! Wrong!

Мен турмушта сараң, ач көз эмесмин, Өктөө кылып “Ай аз бердиң”, - дебесмин. Байлык, үй-жай, ден соолуктан ардактуу, Мага берсе, ...... берсин Көп чекиттин ордун толуктаңыз:

Correct! Wrong!

Ким берсе да жакшы берген бактымды, Ким койсо да жаман койгон атымды. Ушакчыдан не кылам деп сурасам, - Беш тыйынга мага сат дейт даңкыңды! Сатам! Алсын! Кайдан билсин баркымды? Бул ыр саптары Алыкул Осмоновдун кайсы чыгармасына таандык?

Correct! Wrong!

Алыкулдун жубайынын аты ким болгон?

Correct! Wrong!

Акын кызына кандай ысым ыйгарган?

Correct! Wrong!

Бүкөнтай, бучук мурун үч жашар кыз, Бир күндө жүз жыгылып, жүз басар кыз. Аз ыйлайт, борсо-борс күлөт, көп да күлбөйт, Кемпирден токсондогу таза сүйлөйт. Акын бул ыр саптары менен эмнени сүрөттөгөн?

Correct! Wrong!

Бүкөнтай, бучук мурун үч жашар кыз, Бир күндө жүз жыгылып, жүз басар кыз. Аз ыйлайт, борсо-борс күлөт, көп да күлбөйт, Кемпирден токсондогу таза сүйлөйт. Кыргыз да, ачырканбай кымыз ичет, Кучактап уктап калат бир жилик эт. Ар убак абалары ...... дейт, Бүкөнтай көздү жумуп ....... кирет: Көп чекиттин ордун толуктаңыз.

Correct! Wrong!

Акындын сүрөтү кайсы акча бирдигине түшүрүлгөн?

Correct! Wrong!

Эң кеч жатып, элден эрте тура алган, Ойлогонун ойдогудай кура алган. Касиеттүү мындай кымбат кесиптен, Менин атам, билбейм неге кур калган? Жогорудагы ыр саптары акындын кайсы ырына таандык?

Correct! Wrong!

Ысык-Көл кээде тынч да, кээде толкун, Толкуса толкунуна тең ортокмун. Турмушта канча жолдош күтсөм дагы, Бир сырдуу сендей жолдош күткөн жокмун. Бул саптар кайсы акча бирдигине түшүрүлгөн?

Correct! Wrong!

Осмонов кыргызчага которгон “Жолборс терисин жамынган баатыр” чыгармасы кайсы жазуучуга таандык?

Correct! Wrong!

Жазда башка жел тийбесин абайла, Көпкө турбас мобул турган сур булут. Бүт дартыңды өз мойнума алайын, ....................... , Ата Журт! Түндөр жаман кырсык салып кетпесин, Наалат келип, ат тизгинин шарт буруп… Азабыңды өз мойнума алайын, ........................... , Ата Журт! Көп чекиттин ордун толуктаңыз.

Correct! Wrong!

Акын канча жашында каза болгон?

Correct! Wrong!

Таланттуу акын Алыкул Осмоновду канчалык билесиз? (тест)
Жыйынтыгы:

Каап, бирок Алыкул Осмоновду таанууга али да кеч эмес. Аракетиңиз үчүн рахмат!
Жыйынтыгы:

Аракетиңиз жакшы! Алыкул Осмоновду дагы да тааный бериңиз!
Жыйынтыгы:

Азаматсыз! Сиз Алыкулдун чыгармаларын мыкты деңгээлде билет экенсиз!

Copyright © 2017 Maral FM