Биз менен байланышыңыз

«Жарандарга ПЧР-тесттин ордуна башка альтернативаларды сунуштоо керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Янв 2021 | 2208 | 0

Кыргызстан чет жактан учуп келгендер мекендештерге белгилүү мөөнөт ичинде ПЧР-тест тапшырууга мүмкүнчүлүк түзүшү керек. Бул тууралуу Туризм ассоциациясынын төрагасы Эрмек Мырзабеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, сырттан келген жаран акча коротуп, ПЧР-тест тапшыргысы келбесе, 14 күн өзүн карантинге алышы зарыл. Болбосо учуп келген жарандар дароо текшерүүдөн өтүшү үчүн аэропорттон экспресс-тест тапшырууга шарт түзүү керек.

«Учурда тийиштүү мекемелер дүйнө жүзү колдонуп жаткан варианттарды колдонбой, эң ыңгайсыз вариантты тандап алды. Буйрук чыгарарда бизнести чакырып, талкуу өткөрүү зарыл. Тилекке каршы, мамлекет бизнестин үнүн укпай жатат», — дейт Мырзабеков.

Эске салсак, ушул жылдын 23-январынан тарта өлкөгө учак аркылуу келген кыргызстандыктардан акыркы 72 саат ичинде алынган ПЧР-тесттин милдеттүү түрдө болушу талап кылына баштады. Аталган чечим өлкөгө коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын кирүүсүнүн алдын алуу максатында кабыл алынган.

Copyright © 2017 Maral FM