Биз менен байланышыңыз

«Коронавируска чалдыккан чет элдикти мамлекеттин эсебинен дарылоо туура эмес»

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Янв 2021 | 2070 | 0

Кыргызстанга келип коронавирус менен ооруп калган чет элдиктерди мамлекеттин эсебинен дарылоо туура эмес. Бул тууралуу Туризм ассоциациясынын төрагасы Эрмек Мырзабеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Мисалы, Германиядан келе турган туристтин медициналык камсыздандыруусу болот. Эгерде ал илдетке чалдыгып калса, камсыздандыруу баарын төлөйт. Эмне үчүн мамлекеттин акчасын камсыздандырылган туристке коротушубуз керек? Андан көрө буйрукту алмаштырып, КР жарандарын өлкөгө тестсиз кирүүсүнө шарт түзүп, ооруп калгандарын бюджеттин эсебинен дарылоо керек». 

Анын айтымында, чет элдик авиакомпаниялар билетке кошуп, коронавирус боюнча медициналык камсыздандырууну кошо сатышат. Дүйнөдө бир топ мамлекет кырдаалга даяр. Бир гана Кыргызстан даяр эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM