Биз менен байланышыңыз

«Жаңы алгоритм туристтерге кыйынчылык жаратууда»

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Янв 2021 | 1357 | 0

Коронавируска каршы күрөш боюнча иштелип чыккан жаңы алгоритм туристтерге кыйынчылык жаратууда. Бул тууралуу Туризм ассоциациясынын төрагасы Эрмек Мырзабеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, чет өлкөгө чыгып, кайра өлкөгө кайткан Кыргызстандын жарандарынан ПЧР-тесттин жыйынтыгын талап кылуу туура эмес. Анткени мындай жарандар чет жакка чыгарда тест тапшырат. Анын үстүнө ПЧР-тест эч кандай кепилдик боло албайт.

Мыйзамга ылайык, Кыргызстандын жарандарын өлкөгө кабыл албай коюуга эч кимдин укугу жок.

«Биз: «Бул талапты жокко чыгарыңыздар», — деп суранып жатабыз. Анткени мекендештерге «чет жакта ооруп калсаң, ошол жакта кала бер, Кыргызстанга келбе» дегендей мамиле жасалууда. Мисалы, Орусияда жаран сырттан келген соң 3 күндүн ичинде тест тапшырып, жыйынтыгын тийиштүү порталга жүктөшү керек, болбосо айып пул каралган», — дейт Мырзабеков.

Бирок Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башкы адиси Бактыгүл Исмаилова чет жакта жүргөн мекендештердин саны өлкө калкынын санынан аз экенин белгилеп, тест жарандардын коопсуздугу үчүн кабыл алынганын белгиледи.

Эске салсак, ушул жылдын 23-январынан тарта өлкөгө учак аркылуу келген кыргызстандыктардан акыркы 72 саат ичинде алынган ПЧР-тесттин милдеттүү түрдө болушу талап кылына баштады. Аталган чечим өлкөгө коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын кирүүсүнүн алдын алуу максатында кабыл алынган.

Кыргызстанга келе тургандар милдеттүү ПЧР-тест тууралуу эмнелерди билиши керек?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM