Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга келе тургандар милдеттүү ПЧР-тест тууралуу эмнелерди билиши керек?

Коом | 25 Янв 2021 | 1374 | 0

Ушул жылдын 23-январынан тарта өлкөгө учак аркылуу келген кыргызстандыктардан акыркы 72 саат ичинде алынган ПЧР-тесттин милдеттүү түрдө болушу талап кылына баштады. Аталган чечим өлкөгө коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын кирүүсүнүн алдын алуу максатында кабыл алынган. Жаңы алгоритм коомчулукта ар түрдүү суроолорду пайда кылууда. Биз бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башкы адиси Бактыгүл Исмаилова менен маектештик.

— Чет өлкөдөн Кыргызстанга келе турган жарандар ПЧР-тест тапшырбаган болсо, учакка отургузулбайбы?

— Бүт өлкөлөрдүн авиаагенттиктерине дипломатиялык каналдар аркылуу биздин алгоритм жөнөтүлдү. Анда «Кыргызстанга келе турган жүргүнчүлөр кайсы өлкөнүн жараны экендигине карабастан, бардыгы акыркы 72 сааттын ичинде тапшырылган ПЧР-тесттин жыйынтыгы менен келсин» деген суроо-талап бар. Бул эми аэропорттордо иштеп жаткан кызматкерлерге да жетет. Бирок башка өлкөлөрдө бул процесстер кандай өтөт, аны биле албайбыз. Негизинен аэропортто дене табын өлчөө, ПЧР-иликтөөсүнүн жыйынтыгы терс экенин көрсөткөн маалымкат текшерүүгө алынат.

— «Учак бортунда жүргүнчүлөргө сурамжылоо өткөрүлүп, анкеталар толтурулат» дегенди кантип түшүнсөк болот?

— «Маалымдамасын текшергиле» деген сөз жок ал жерде. Борттун ичинде стюарттар же стюардессалар анкеталарды таркатып коет. Аларды кайра жыйнап, биздин аймакка келгенде, санитардык-көзөмөл пунктунда иштеп жаткан кызматкерлерге тапшырып беришет. Анкеталарда аты-жөнү, кайсы өлкөнүн жараны, кайсы өлкөдөн келе жатат, кайсы жакка барат жана байланыш номери менен кол тамгасы болот.

— ПЧР-тесттин жыйынтыгы Кыргызстанга келгенде аэропорттон талап кылынабы?

— Ооба. Учуп келгенде эле ПЧР-тесттин жыйынтыгын биздин санитардык-көзөмөл пунктунда турган кызматкерлерибизге көрсөтөт. Биздин медкызматкерлер саатын, мөөнөтү өтүп-өтпөгөндүгүн текшерет. Бирок кандайдыр бир себептерден учак кечигип, мөөнөтү өтүп кетсе, андай учурларда аэропорттордо ПЧР-тест тапшыруучу бөлүмчөлөрдү уюштурдук.

— Аэропорттон тест тапшыргандар ошол жерден обцервацияга алынабы?

— Алар ошол жерде эле калып калбайт. Анткетада дареги, керектүү маалыматтардын баары болгондуктан, үйүнө кетет. Бирок эч жакка чыкпай, анализдин жыйынтыгын күтүшүн, үйдөн да биринчи профилактикалык талаптарды сөзсүз түрдө аткарышы керектигин түшүндүрүп айтып беришет. Анан 6 сааттан кем эмес аралыкта биздин тесттердин жыйынтыгы чыгып калат.

— Буга чейин көпчүлүк жарандарга аэропорттордон коронавирус жуккандыгы айтылган. Коронавируска тест тапшыргандан кийин жуктуруп алуу толук мүмкүн. Алар кантип аныкталат?

— Аэропорттордо байланышы жок термометрлер бар. Ал иш-чара пандемия башталгандан тарта эле жүрүп жатат. Башка жактан келе жаткан жарандарыбыз баары тең дене табын өлчөтүп, анан өтүшөт. Тест тапшыргандан кийин вирус жуктуруп алуу коркунучу бар. Ошондуктан дене табы жогору болсо, ал адамды алып калышат. Андан ары биздин Саламаттыкты сактоо министрлигинин өзүнүн аракети бар. Тез жардам унаасы менен бул жактагы стационарларга алып келип, андан ары аныктайбыз.

Copyright © 2017 Maral FM