Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Энелер күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 17 мая 2020 | 820 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев республикадагы жалпы аялзатын Энелер күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы өз куттуктоосунда баардык апаларды Энелер күнү менен куттуктап, чың ден-соолук, бакубат өмүр жана дөөлөттүү карылыкты каалады.

«Энелер күнү – бул өзгөчө толкунданууну жараткан майрам, анткени, биз ушул күнү дагы бир ирет апалардын алдында таазим этип, өзүбүздүн ыраазычылыгыбызды билдире алабыз. Бүткүл дүйнөдө ападан кымбат жана жакын адам жок. Апалардын мээриминен артык сезим табылбайт! Апаларыбыз бизге өмүр берип, түн уйкудан калып, ден-соолугубуз үчүн кам көргөн. Апалардын камкордугуна жараша мектепти бүтүрүп, жетилип, инсан катары калыптандык. Көбүбүз өзүбүз ата-эне болдук. Бирок кандай болбосун, энелер үчүн биз ар дайым бала бойдон калабыз! — деп куттуктады Абылгазиев.

Copyright © 2017 Maral FM