Биз менен байланышыңыз

Жанар Акаевдин өкмөт башчы боюнча билдирүүсү негизсиз

Кыска кабар | 20 мая 2020 | 1197 | 0

Депутат Жанар Акаевдин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин байланыш чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларга тиешеси бар деген билдирүүсү негизсиз. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

«Териштирүү иштери жүрүп жатканы боюнча маалыматыбыз бар. Өкмөттүн тергөө иштеринин жүрүшү боюнча комментарий берүүгө укугу жок. Анткени бул тергөөнүн жүрүшүнө басым жасоо катары кабыл алынат.

Зарыл болгон учурда премьер-министр жана Өкмөттүн өкүлдөрү тергөөнүн алкагында иштин жагдайын объективдүү жана ар тараптуу иликтөө кызыкчылыгына түшүндүрмө берүүгө даяр», — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM