Биз менен байланышыңыз

Акаев: Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгаруу керек

Кыска кабар | 8 Дек 2021 | 1027 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Жанар Акаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгарууну сунуштады.

Анын айтымында, өнүгүү жолуна түшүү үчүн саясий өч алууну токтотуу керек.

«Шайлоо өттү, Башмыйзам өзгөрдү, кичине бир гумандуу саясатка өтсөк болот эле. «Бирөө-бирөө менен телефон аркылуу сүйлөшүптүр, ушак айтыптыр» деп эле камай берсек, анда Кыргызстанда саясатчы калбайт. Биз эмне бекинип сүйлөшүп кала турган заманга келебизби? Ошондуктан, урматтуу күч органдары, туруктуу саясат уланышы үчүн адилеттүү карагыла. Саясатчылар Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов ак жеринен жөн эле отурушат. Саясий өч алууларды артка калтырабыз десек, экс-президент Атамбаевди да үй камагына чыгаруу керек. Үй камагынан деле ар кандай суроолорго жоопторду алса болот, эч жакка качып кетпейт», — деди Жанар Акаев.

Ошондой эле ал өч алуудан алыстап, тарыхты актай барактан баштоону сунуштады.

Copyright © 2017 Maral FM