Биз менен байланышыңыз

БШКнын өзгөргөн чечими: Акаевден Оргалчага оогон «оомат»

Саясат | 16 Дек 2021 | 4459 | 0

28-ноябрда парламенттик шайлоо биринчи жолу аралаш система менен өттү. Бул ыкма жаңы киргизилип жаткандыктан добуштарды кол менен саноо дээрлик 10 күнгө созулду. Андан сырткары шайлоо бүткөнүнө 17 күн болгондон кийин партиялык тизмедеги аялдардын квотасы боюнча жобого өзгөртүү киргизилди. Натыйжада парламенттик шайлоого «Альянс» партиясынан катышкан талапкер Жанар Акаев мандатсыз калып, ордуна Токтобүбү Оргалча депутат болмой болду. Бул коомчулукта кызууу талкууга алынды. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Борбордук шайлоо комиссиясы «Альянс» партиясынан талапкер болгон Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалчага мандат бере турган болду. 15-декабрдагы жыйында «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө» токтомуна шашылыш өзгөртүүлөрдү киргизди. Тагыраагы, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобо кайра иштелип чыкты. Жободо бир партия жети мандат алса, анын экөө аялдар үчүн сакталат деп жазылган. Өзгөртүүлөргө ылайык, гендердик квота төрт же алты мандат алгандан кийин сакталат деп жазылды. Бул өзгөртүү жети мандат алган «Альянс» партиясына тиешелүү болот.

Жанар Акаевге бериле турган мандат партиядагы үчүнчү аял болгон Токтобүбү Оргалчага өтөт. Анткени Жанар Акаев алган добуштардын саны боюнча партиянын тизмесинде жетинчи орунда турат. Ага 4 миң 977 адам добуш берген. Ал эми Токтобүбү Оргалчага 1 миң 284 шайлоочу бюллетень салган.

Жобонун өзгөрүүсү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө байланышканыбызда, алар ар кандай себептерди шылтоолоп, жооп беришкен жок. Ал эми дагы бир мүчөсү Абдыжапар Бекматов жыйынга катышпаганын билдирди.

«Мен кечээ ушул маселеге катышкан жокмун. Анын негиздемеси конституциялык мыйзамды шайкеш келтирүү үчүн ушундай өзгөртүү киргизилди деп түшүндүрүлөт да». 

Жанар Акаевге мандат тийбей калганы боюнча маалымат чыгары менен бир катар партиялаштары пикирин билдирди. Ал эми Жанар Акаев бул жааттагы пикирин «Фейсбук» баракчасына бүгүн жарыялады. Ал бул иш үчүн Борбордук шайлоо комиссиясын айыптап, жыйынтык чыгып, жеңүүчүлөр аныкталгандан кийин, бир адамга карата атайын эрежени өзгөртүү логикага сыйбай турганын жана коркоктук экенин жазды.

«БШКнын эрежени шайлоодон кийин өзгөрткөн чечими менде эле эмес, элдин баарында күмөн ой жаратты. Мындай адилетсиз буйрукту аткарган БШК мүчөлөрү жана буйрук бергендер силердин уятыңарда болсун.

БШКнын шайлоого чейин кабыл алган жобосунда партия 7 мандат алса, экөө аял болот деп так жазылган. Мыйзамды жөнгө салчу эрежени 13-декабрда БШКнын жетекчилиги түнкүсүн мүчөлөрүн чогултуп, басым кылганына карабастан, мүчөлөрү каршы болуп, токтомду өзгөртүү сунушу өтпөй калган. Аны менен тынчыган жок. Эки күн убакыт алып, БШКнын ар бир мүчөсүнө жогорудан «салам-дубай» айттырып, маселени бышырып, кайра дагы алып чыгышты. Кайра-кайра добушка коюп жатып эптеп өткөрдү, бир гана «Альянска», анын ичинен мага гана тиешелүү маселени БШК атайын өзгөрттү. Шайлоо бүтүп, кимдер өткөнү жарыя болгондон кийин да токтомду өзгөрткөнү — акылга сыйгыс көрүнүш».

Жанар Акаев ошондой эле жаңы саясий маданиятты калыптандырууну каалаган саясатчылардын бири экенин, гендердик баланс үчүн күрөшүп келгенин жана мындан ары да саясий ишмердиги күчөй турганын кошумчалаган.

Мыйзамда жобону качан өзгөртүү керектиги же кайсы учурда өзгөртүүгө болбой турганы боюнча талап жок. БШК 15-ноябрда эле мандаттарды бөлүштүрүү тартибин аныктап, чечим кабыл алган. Укуктук ченемдерди тактап-тастыктап, шайлоого катышуучулар шайлоо башталаганга чейин эле билиши керек. Кечээги күнгө чейин күтүп отуруп, акыркы күнү шайлоонун жыйынтыгын жарыялоо алдында ойлорун өзгөрткөнү саясий көрүнүштүн жытына окшоп жатат дейт БШКнын мурунку төрагасы Акылбек Сариев.

«БШК 15-ноябрда эле мандаттарды бөлүштүрүү боюнча тартипти аныктап, чечим кабыл алган экен. Анан кечээки күнгө чейин күтүп отуруп, анан ойлорун өзгөрткөнү кандайдыр бир саясий көрүнүштүн жытына окшоп жатат. Болбосо, укуктук-ченемдик актыларды тактап-тастыктап, шайлоого чейин талапкерлер эрежесин билиши керек. Менин айтайын дегеним, БШК бул шайлоону мыйзамдын талаптарын аткарбай, өздөрүнүн түшүнүктөрү менен өткөргөндөй сезилип калды мага. Бул биринчи эле учуру эмес, буга чейин да ушундай каталарды бир нече жолу кетирген. Атайылап жасаштыбы, ал — башка маселе. Булардын аракетине укуктук баа берилиши керек».

Токтобүбү Оргалча Кытайдан көчүп келген кыргыз экени жана 2021-жылдын январь айына чейин аты Оуерхалика Тохутибуби болгону, жарандыкты да жаңы эле алганы соцтармактарга тарады. Ал 2015-жылдан бери жубайы Балтабаев Нурсланбек менен биргеликте түптөгөн «Шыдыр Жол КG» компаниясын жетектейт.

Ошондой эле анын Садыр Жапаровдун үй-бүлөсү, тагыраагы, президенттин жубайы менен байланышы бар экени айтылууда. Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчынын жубайы Айгүл Жапарова менен депутаттыкка талапкер Токтобүбү Оргалчанын эч кандай байланышы жок экенин билдирди. Ал гендердик квотаны камсыз кылуу боюнча кабыл алынган чечимдерди саясатташтыруудан алыс болууга чакырды.

«Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, гендердик квотаны камсыздоо боюнча БШК кабыл алган процедуралык чечимдерди саясатташтыруунун кереги жок. Айгүл Жапарованын Токтобүбү Оргалча менен эч кандай байланышы жок жана аны менен эч качан тааныш болгон эмес».

Бул маселе боюнча пикирин билүү үчүн Токтобүбү Оргалчага бир канча жолу ар түрдүү номерлер менен чалып, бирок телефонун алдыра албай койдук.

Ал ортодо Бишкектин «Мурас Ордо» конушуна каттаган №206 маршрут линиядан алынып, ордуна Токтобүбү Оргалчага таандык «Шыдыр Жол KG» компаниясынын автобустары киргизилгенин Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мэриянын мындай чечим кабыл алуусуна аталган конуштун тургундарынын №206 маршруттун ишине канааттанбаганы жана «Жазада-Транс» ишканасынын өз милдеттерин аткарбаганы себеп болгон. Ошол себептен борбор калаанын транспорт башкармалыгы аты аталган компания менен келишимди токтоткон.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына «Альянс» партиясынан талапкер Токтобүбү Оргалча «Кытайдын агенти» деп сындагандарга «Фейсбук» баракчасы аркылуу жооп берди.

Ал улуту кыргыз экенин, аны «кытай, уйгур, шпион» дегенге эч кандай негиз жоктугун жазып, үй-бүлөлүк сүрөтүн жүктөгөн. Ошондой эле өзүнүн өмүр баянын да кыскача кошумчалап өткөн.

«Мен Токтобүбү Оргалча кызы 1972-жылдын 10-сентябрында Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу облусунун Ак-Чий ооданында кызматчынын үй бүлөсүндө туулгам. 1990-1995-жылдары Синьцзян медициналык университетинде жогорку билим алып, врач-кардиохирург кесибине ээ болгом. Андан соң 1995-жылдан 2012-жылдарга чейин Пекин медициналык университетинин аспирантурасында билим алуумду уланттым. Окуумду ийгиликтүү аяктагандан кийин 3 жылдай  Кытайдын ири шаарларынын бири Гуанчжоуда ишкерлик менен алектендим. 2015-жылы ата-бабамдын тарыхый мекени болгон Кыргызстанга көчүп келип, үй-бүлөм менен негиздеген «Шыдыр Жол Кей Джи» ишканасында ушул убакытка чейин эмгектенип келе жатам. Мен табиятыман искусствого жакын болуп чоңойдум. Бош убактыларымда ырдаганды жактырам. Айрыкча мекенди сүйүү ырларын өтө сүйүп угуп, аткаргым келет. Жолдошум экөөбүз бир уул, бир кызды тарбиялап өстүрүп жатабыз».

Ошол эле учурда талаш жаратып жаткан мандат маселеси боюнча пикирин билдирген эмес.

Борбордук шайлоо комиссиясынын гендердик квота боюнча жобого киргизген өзгөртүүсүн ары күлкүлүү, ары ачууга тийген окуя катары кабыл алганын «Альянс» партиясынан талапкер болгон Сейтек Качкынбай билдирди.

«Партиянын атынан жооп бере албайм, партиянын чогулушу болуп, Жанар Акаев жана Токтобүбү Оргалча боюнча бирдиктүү билдирүү кабыл алабы, албайбы, мен билбейм, балким чогулабыз деп жатышкандыр. Жеке пикиримде, Жанар Акаевге чейин эле шайлоонун тазалыгы боюнча бир канча суроолор жаралды. Аппарат өчүп калды, сандар дал келбеди, кийин кайра кол менен санайт деди. Анда да мүчүлүштүктөр аябай көп болгонун «Клооп» агенттиги видеосу менен чыгарды. Шайлоо башынан эле легитимсиз болуп калды. Финалына келип, расмий жыйынтык чыккандан кийин жобобузду өзгөрттүк дегени да шайлоону андан бешбетер легитимсиз кылды. Бул — күлкүлүү нерсе. «Жанардын өзүнө өчөшүү болсо керек» деп ойлоп жатабыз. Жаманбы, жакшыбы, Жанар кыйкырып турчу, ошолору бийликке жакпай, кереги жок болуп калса керек. Берки Токтобүбү Оргалча боюнча да ар түрдүү пикирлер айтылып жатпайбы. Эл айткан нерсеге жакын картина түзүлүп жатат окшойт». 

БШКнын 30% гендердик квотаны сактоо боюнча жобону өзгөрткөн чечимин сотко бере турганын «Альянс» партиясынын тең төрагасы Мирлан Жээнчороев журналисттерге кабарлаган. Бул маалыматты Жанар Акаевдин жардамчысы Тилек Нурбеков да тастыктады.

Copyright © 2017 Maral FM