Биз менен байланышыңыз

Акаев: Эч бир далили жок видео аркылуу жоопко тартуу — уят иш

Кыска кабар | 15 Сен 2021 | 856 | 0

Бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча козголгон иштин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов шектелип жатканын Асановдун адвокаты Икрамидин Айткулов билдирген. Кечээ, 14-сентябрда Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов камакка алынган.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев эч качан күч менен басып алууга аракет болбогонун айтып, акылга сыйбаган көрүнүш болуп жатканын Фейсбук баракчасы аркылуу жасаган видеокайрылуусунда билдирди.

Анын айтымында, социалдык тармакта эч бир далили жок, троллдордун фабрикасы даярдаган видео тарап жатат.

«Калптын мамлекеттик дкңгээлге чейин айтылып, нормага айланып бара жатканы — абдан кейиштүү көрүнүш. Экинчиден, күлкүлүү. Анткени, көчөдө саясатчылар сүйлөшүп, анын арты менен айып тагабыз деген аракетке 1-класстын окуучусу да ишенбейт. Мен эч бир саясатчы, коомдук ишмер менен «бийликти күч менен басып алабыз, массалык башаламандыктарды уюштурабыз» деген сөздөрдү эч бир жерде сүйлөшкөн эмесмин», — деди Акаев.

Ошондой эле Акаев акыркы жолу Курсан Асанов менен февраль айында куран окутууда жолукканын айтып, андан бери телефон аркылуу да сүйлөшпөгөнүн билдирди.

Мындан сырткары видео аркылуу каралоо болуп жаткан болсо, азыркы бийлик өтө жаңылышып жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM