Биз менен байланышыңыз

Жанар Акаев: Элге курал берүү мыйзамын туура эмес түшүнгөндөр бар

Кыска кабар , Пикирлер | 26 мая 2021 | 1039 | 0

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары чек ара аймактарындагы жарандарга курал берүү  мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгышты. Бул мыйзамды жазууга Баткендеги акыркы жаңжал себеп болгонун эл өкүлү Жанар Акаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда эл арасында бул долбоор боюнча түшүнбөстүктөр бар.

«Муну «өзүңөрдү-өзүңөр коргогула» деген мамиле катары кабыл алгандар бар. Чынында мамлекет, бийлик, өкмөт өз жарандарын өзү коргошу керек. Жарандар бейкапар жай турмушун өткөрүшү керек. Бирок реалдуулук андай болбой атат», — дейт Акаев.

Ал белгилегендей, курал чек арага чектеш аймакта жашаган жарандардын баарына таратылбайт. Азыркы мыйзам боюнча курал колдонууда 5 жылдык тажрыйбасы бар адамдарга гана берилет. Алардын психикалык саламаттыгы текшерилет. Тандалган жарандар алгач атайын даярдыктан өтүшөт, кийин мамлекет бир жылда эки жолудан кем эмес аскердик машыгуу өткөрүп турат. Курал чек арада кандайдыр бир чатак, жаңжал чыккан учурда гана таратылат.

Copyright © 2017 Maral FM