Биз менен байланышыңыз

Депутат баткендиктердин кенемте албай калганынын себебин түшүндүрдү

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Фев 2022 | 783 | 0

2021-жылы 28-30-апрелде болуп өткөн кыргыз-тажик чер-арасындагы жаңжалдан жабыркаган жарандар дагы деле кенемте ала албаганына нааразы болуп келишет. Бул маселе Жогорку Кеңеште да байма-бай көтөрүлүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов «Маралдын» эфиринде маек куруп жатып, жергиликтүү калкка кенемте төлөнбөй калышынын себептерин түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, куралдуу чыр-чатактан кийин жабыркаган мүлк ээлерине кенемте төлөп берүү максатында атайын комиссия түзүлгөн. Алар эсептеп чыгып, 84 миллион сом бөлүү чечимин кабыл алышкан. Жарандар өздөрү да макул болуп, документке кол коюп беришкен. Андан соң документ өкмөткө сунуш катары жөнөтүлгөн.

Бирок ошол кездеги бийлик өкүлдөрү жана Каржы министрлиги ыкчам, натыйжалуу иш алып барбай коюп, акча бөлүнбөй калган. Буга ошол учурдагы экономикалык кризис да тоскооол болгон.

Ормонов учурда депутаттар министрлер кабинетинин төрагасы менен сүйлөшүү жүргүзүп, азыркы тапта атайын токтом даярдалып жатканын маалымдады. Ага «кенемте 1-мартка чейин төлөнүп берилсин» деген талап да киргизилет.

Copyright © 2017 Maral FM