Биз менен байланышыңыз

Төрт-Көчө: Баткен облустук ооруканасына жаракат алган төрт аскер түштү

Кыска кабар | 27 Янв 2022 | 763 | 0

Баткен облустук ооруканасына жаракат алган төрт аскер келип түштү. Бул тууралуу облстун саламаттыкты сактоо боюнча координатору Арзыбек Бөрүбеков кабарлады.

Айтымда, аларды Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эки «Тез жардам» унаасы Көк-Таш айылынан алып келишкен. Алар сынык менен түшкөнү, калган маалыматтар кийинчерээк берилери айтылды.

Айта кетсек, бүгүн, 27-январда саат 17:00дөн 18:30га чейин Тажикстандын жарандары Баткен районундагы Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкесин бууп салышкан. Аймакка Чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев, Баткен чек ара отрядынын командири Рустам Миршакиров барып сүйлөшүү жүргүзгөн. Андан соң саат 19:30да Төрт-Көчө жолу кайрадан ачылган.

Бирок саат 19:35 чамасында Баткен районунун Үч-Дөбө аймагынан тажик тарап ок чыгарып, кырдаал курчуп кеткен. Төрт-Көчө, Үч-Дөбө аймактарында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары атышып, тажиктер миномёт, гранатомёт колдонуп жатканы кабарланды.

Кырдаал боюнча кошумча маалыматтар берилип турат.

Copyright © 2017 Maral FM