Биз менен байланышыңыз

Талиева: Чек арачылардын айлыгын көтөрүү талабын койдук

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Фев 2022 | 722 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева «Маралдын» эфиринде маек куруп жатып, Баткендеги чек арачылардын айлыгы өтө аз экенин билдирди.

Талиева биздин чек арачылар дайыма өмүр менен өлүм ортосунда күрөшүп келерин айтып, аларды сөзсүз колдоо зарылчылыгына токтолду.

Эл өкүлү азыркы тапта токтом даярдалып жатканын, анда чек арачылардын айлыгын көтөрүү талабы коюлганын кошумчалады.

Өткөн аптада парламенттин айрым депутаттары Баткендеги Исфана шаарында көчмө жыйын өткөрүп, чек арада жашаган элдин абалы менен таанышып келишти.

Copyright © 2017 Maral FM