Биз менен байланышыңыз

«Азыркы тапта Баткендин эли мамлекеттин камкордугун толук сезе элек»

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Фев 2022 | 1152 | 0

Баткендин эли биринчи эле чек араны тактап берүүнү суранып жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал бул маселе бир гана президенттин деңгээлинде чечилерин айтты.

«Баткендин эли биздин бийлик өкүлдөрүнөн үмүттөнүп жашап жатышат. Алар бир эле чек ара маселесин чечип берүүнү суранып жатышат. Анан «жыргатып атат, кыйратып атат» дегенден алыс бололу. Баткен маселесине келгенде реалдуу көз караш менен карайлы. Бүгүнкү күндө жергиликтүү калк мамлекеттен жеңилдиктерди, камкордукту сезиши керек. Бирок эл көп нерсени сезбей келе жатат», — деди Талиева.

Депутат андан тышкары делимитация жана демаркация иштери парламенттик шайлоонун алдында токтоп калып, азыр кайра жанданганын кошумчалады.

Чек ара маселеси эмне үчүн жабык сессияда каралат?

Copyright © 2017 Maral FM