Биз менен байланышыңыз

Эгембердиев: Мен бийликтен жакшылык күтпөйм

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Дек 2020 | 1397 | 0

Кыргызстанда элди жетелеп, туңгуюктан алып чыккан лидер жок болууда. Мындай пикирин «Кара-Булак» эко-резорт комплексинин негиздөөчүсү Жумадыл Эгембердиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, коомчулук өзүнүн деңгээлине, ой жүгүртүүсүнө жараша лидер тандап жатат.

«Эл ошого татыктуу, коомчулук дагы деле быша элек. Кыргыздар дагы кыйнала элек. Лидерге эл ишенип, артынан ээрчийт. Биз улам ишенип, 3-4 жолу алданып атпайбызбы. Буга чейинки лидерлер өзүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн иштеген. Биздин эр-азаматтар эл үчүн кызмат кылуу деген идеологияны түшүнбөй жатышат. Бийликке «байыйм» дебей, «кызмат кылам» деген максат менен келүү керек. Мен бийликтен жакшылык күтпөйм. Ишкерлер мурдатан эле түңүлгөн. Бирок карапайым эл күтөт», — дейт Эгембердиев.

Ал белгилегендей, элди бириктирип, багыт берген идеология жок. Ал болмоюнча бир да иш алдыга жылбайт. Муну лидерлер түшүнө элек.

Copyright © 2017 Maral FM