Биз менен байланышыңыз

Эгембердиев: Коом жыдып калды

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Дек 2020 | 1144 | 0

Коом жыдып калды. Бул көп убакытта калыбына келет. Мындай пикирин «Кара-Булак» эко-резорт комплексинин негиздөөчүсү Жумадыл Эгембердиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бала бакчадан тарта коррупция кулачын жайды. Ар бир чиновник ишкерлерден пара алат да, өзү коррупцияга шарт түзөт.

«Көрүп-билип турсак да унчукпайбыз, трагедия — мына ушунда. Баалуулуктар алмашып калды. Мен 30 жылдан бери бизнесте жүрөм, бирок кечээ эле кызматка келген чиновниктер менден бай жашап жатышат. Ушундай акыйкатсыздык жаралып калды. Коом ириген сүттөй болуп турган кези. Азыр жарык көрүнө элек. Ошондуктан 10-январдагы президенттик шайлоодо эл жакшы адамды шайласа», — дейт Эгембердиев.

Ал өнүгүү үчүн мыкты кадрларды тандап, даярдоо керектигин белгиледи. Ал эми жакшы кызматкер шарты бар мекемеде иштөөгө кызыкдар экенин кошумчалап, кадр тандоодо туугандарын кызматка коюу тыйылбай жатканын сынга алды.

«Компаниянын эң негизги байлыгы — адам. Жашоодо алтын, унаа, завод, фабрика эмес, адам биринчи орунда турушу керек. Мен маанилүү экенимди билген жерге барып кызмат кылам. Азыр адам итке да теңелбей калды, уурдагандардын эле заманы. Биз алысты көрө албай жатабыз, күнүмдүк оокат менен убарабыз. Кептин баары — ушунда. Биз дагы бир топко чейин чайналабыз. Абалдан чыгып кетүү мүмкүнчүлүктөрү бар, бирок лидерлер көргүсү келбей жатат», — дейт ишкер.

Copyright © 2017 Maral FM