Биз менен байланышыңыз

«Жаңы бийликке элдин ишеними жогору»

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Фев 2021 | 1162 | 0

Жаңы бийликке элдин ишеними жогору. Бул тууралуу мурдагы Мамлекеттик катчы, мамлекеттик жана коомдук ишмер Досбол Нур уулу «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, элдин ишенимин актоо көп нерсеге байланыштуу: өкмөттүн даярдыгына, экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө, каржы булактарынын табылышына… Берилген убадаларды аткаруунун артында акча турат.

Кыргызстан коңшу өлкөлөр менен мамилесин жакшыртып, дүйнөлүк мамлекеттер менен Кыргызстанга пайдасы тийе турган долбоорлорду ишке ашырууга басым жасашы зарыл.

Эгерде каражат табылбаса, чет өлкөдөн карыз алууга туура келет. Көмүскө экономиканы жоюу, салыктардын туура чогулушун көзөмөлгө алуу менен бир топ экономикалык көйгөйлөрдөн арылууга болот.

«Элге өтө чоң убадалар берилди. Аларды кечиктирбей аткарганга бел байлаган кишилер мобилдүү команда түзүшү зарыл. Аны Жапаров менен Марипов жалгыз алып бара албайт, бул — жалпы командалык иш. Экинчиден, эл да колдошу керек», — дейт Нур уулу.

Ал белгилегендей, мамлекеттик кызматка баргандардын көпчүлүгү жеке кызыкчылыгын көздөчү. Эң негизгиси, кызматка кыргыздын келечеги үчүн иштеген кадрлар келиши керек.

Copyright © 2017 Maral FM