Биз менен байланышыңыз

Марипов Евразия экологиялык форумун Ысык-Көлдө өткөрүүнү сунуштады

Кыска кабар | 20 Авг 2021 | 342 | 0

Жалпысынан климаттык күн тартиби жана жашыл экономика маселелери дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүнүн экономикалык ишмердүүлүгүнүн ажырагыс бөлүгү болуп калгандыгын эске алуу менен келерки жылдын жайында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында климаттык өзгөрүүлөргө жана жашыл экономика маселелерине арналган Евразия экологиялык жана климаттык форумун Ысык-Көл жээгинде өткөрүүнү сунуштайм. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги кеңейтилген жыйынында билдирди.

Анын айтымында климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөш жүргүзүү боюнча чаралар адилетсиз атаандаштыктын куралы болуп калбастан, өндүрүштүк байланыштардын ажырымына алып келбестен, тескерисинче, жаңыларын түзүүсү маанилүү.

«Бүгүнкү күндө жашыл экономика бул өнүгүүнүн ажырагыс бөлүгү катары саналат, ал бир эле учурда экономикалык жана экологиялык максаттарды алдыга жылдыруу мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга багытталган. Бул – инклюзивдүү ыкмаларды колдонуучу, ресурстарды үнөмдөөчү, көмүртеги төмөн саналган жана диверсификацияланган экономика» , -деди Марипов.

Эске салсак, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 19-20-августта Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, анда бир катар документтерге кол коюлду.

Copyright © 2017 Maral FM