Биз менен байланышыңыз

Турдумамбетов: Марипов барын «кыйратам» деди эле, эч нерсе өзгөргөн жок

Кыска кабар | 30 Сен 2021 | 667 | 0

Жогорку Кеңештин 30-сентябрдагы жыйынында депутат Осмон Турдумамбетов кышка даярдык маселесин көтөрдү. Ал электр энергиясына болгон чектөөлөр жана ЖЭБде көмүр менен камсыздоо иштерине көңүл буруу керектигин белгиледи.

Ошондой эле ал аталган маселелер боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповду парламентке келип маалымат берүүсүн талап кылды.

«Азык-түлүккө болгон баа азыр асман чапчып кетти. Бензиндин баасын айтпай эле коелу. Мына алдыда кыш келе жатат. Түндүк менен түштүктү байланыштырган Ош-Бишкек жолу. Аны тейлеген №23 жол эксплуатациялоо башкармалыгынын дебитордук карызы 22 млн сом болду. Анын техникаларынын бары жараксыз абалда. Аларга кышкыга даярдыкка каржы маселесин чечип бербесек, кышында кандай абал болору белгилүү. Аймактагы маселелерди болсо, айта берип тишибиз тешилди. Ички жолдордун, авариялык мектептердин абалы ошол бойдон турат. Курулушу башталып калып кеткен мектептер андан көп. Бизде өзү Министрлер кабинетинин төрагасы барбы? Дайындалып жатканда баарын кыйратам деди эле, эч нерсе жылган жок» , — деди Турдумамбетов.

Ал эми депутат Айбек Осмонов көтөрүлүп жаткан бардык социалдык маселелер бюджетке келип такаларын айтып, Министрлер кабинетин казынаны толтуруунун жолдорун табууга чакырды.

 

Copyright © 2017 Maral FM