Биз менен байланышыңыз

Марипов почта кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 9 Окт 2021 | 423 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов почта кызматкерлерин кесиптик майрамы – Бүткүл дүйнөлүк почта күнү менен куттуктады.

Марипов өз куттуктоосунда почта кызматынын кызматкерлерине жана ардагерлерине ийгиликтерди каалоо менен бирге ааламдашуунун шартында почта өз маанилүүлүгүн жоготпогондугун, ишенимдүү байланыш жана товар жеткирүү каражаты катары маанилүү функциясын аткарып жатканын белгилеген.

Ошондой эле ал почта түйүндөрү эң жеткиликтүү байланыш каражаттарынын бири бойдон калып жатканын кошумчалаган.

«Динамикалык өнүгүп жаткан дүйнөнүн заманбап шартында почта акыркы тенденцияларга жана инновацияларга жооп бериши керек. Жумуш процессин модернизациялоо, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жана санын жакшыртуу, почта кызматын интернет кызматтары менен интеграциялоо боюнча ишти активдештирүү зарыл» , — деп айтылат куттуктоодо.

Copyright © 2017 Maral FM