Биз менен байланышыңыз

Марипов менен Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү

Кыска кабар | 22 Сен 2021 | 418 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Орусия Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Улукбек Марипов орус элине Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетине адам өлүмү менен коштолгон куралдуу кол салууга байланыштуу көңүл айтты. Ал кырсыктан жабыркагандардын тез арада айыгып чыгуусун каалады.

Сүйлөшүү алкагында тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле алдыда өтө турган өкмөт башчылар деңгээлиндеги жолугушууларды талкуулады.

Улукбек Марипов ошондой эле өз кесиптешин ушул жылдын 17-19-сентябрында өткөн Орусиянын Федералдык жыйыны Мамлекеттик Думасына шайлоолордун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Copyright © 2017 Maral FM