Биз менен байланышыңыз

Жапаров менен Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү

Кыска кабар | 9 Ноя 2021 | 429 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады жана үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин Кыргызстандын Орусиядагы жана Орусиянын Кыргызстандагы кайчылаш жылын жабуу салтанатын Бишкек шаарында өткөрүүнү макулдашты.

Ошондой эле Орусия тарап Кыргызстанда салык башкаруу тутумун өнүктүрүүдө, маалыматтарды иштеп чыгуунун заманбап борборун түзүүдө техникалык жана программалык көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM