Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров «Талды-Булак-Сол-Жээк» кенине барды

Кыска кабар | 2 Фев 2022 | 462 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Кемин районундагы Талды-Булак Сол жээк кенине барды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров алтын чыгаруучу фабрикага барып, өндүрүштүк таштандылар топтолуучу калдык сактоочу жайдын абалы менен таанышты. Анда ал экологиялык жана өнөр-жай коопсуздугунун так сакталышы зарыл экендигин белгиледи.

Жыйынтыгында Жапаров кен иштетүү компаниясынын жамааты жана жетекчилиги менен жумушчу кеңешме өткөрдү, анда «Алтынкен» ишканасынын өнүгүү келечеги жана көйгөйлөрү талкууланды.

Белгилей кетсек, Талды-Булак Сол жээк кенин иштетүү боюнча лицензиянын ээси «Алтынкен» кытай компаниясы болуп саналат, компаниянын 60% үлүшү – кытай тарапка, ал эми 40%ы «Кыргызалтын» ишканасына тийиштүү.

Бул кендеги алтындын болжолдуу запасы 78 тоннаны түзөт. Мында алтын менен катар күмүш, жез алынат. Жумуш орундарынын саны 987 адамга каралса, анын 917синде Кыргызстандын жарандары эмгектенет.

Copyright © 2017 Maral FM