Биз менен байланышыңыз

Эртең Министрлер кабинети Жогорку Кеңешке отчёт берет

Кыска кабар | 18 Янв 2022 | 477 | 0

Эртең, 19-январда Жогорку Кеңешинин кезектеги отуруму өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйында министрлер кабинетинин социалдык-экономикалык абал, жазгы-талаа жумуштарына карата даярдык жана коронавирус инфекциясынын жайылуусун болтурбоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматы угулат.

Эске салсак, өткөн жумадагы отурумда депутат Дастан Жумабеков Министрлер кабинетин Жогорку Кеңешке чакырууну сунуштаган.

Дастан Жумабеков: Министрлер кабинети өлкөдөгү абал боюнча маалымат берсин

Copyright © 2017 Maral FM