Биз менен байланышыңыз

Дастан Жумабеков: Министрлер кабинети өлкөдөгү абал боюнча маалымат берсин

Кыска кабар | 13 Янв 2022 | 503 | 0

Депутат Дастан Жумабеков парламенттин бүгүнкү отурумунда кийинки жумада Министрлер кабинетин Жогорку Кеңешке чакырууну сунуштады.

Дастан Жумабеков биринчи маселе катары өлкөдөгү эпидемиологиялык абал, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү, жазгы талаа иштерине даярдыктар боюнча маалымат алынып, элдин суроолоруна жооп берилиши керектигин белгиледи.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда комитеттердин курамы такталып, орун басарлары шайланмай болду. Жыйын саат 14:00дө башталган, «Ынтымак» фракциясынан Марлен Маматалиев 30 мүнөттүк танапис сурады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM