Биз менен байланышыңыз

Жапаров программалык негизде бюджеттөө жөнүндө чечимге кол койду

Кыска кабар | 18 Янв 2022 | 564 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров программалык негизде бюджеттөө жөнүндө чечимге кол койду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган документ Кыргызстандын фискалдык саясатынын негизги багыттарын түзүүнүн алкагында бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясынын, ошондой эле республикалык бюджеттин бөлүгү болуп саналган кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге программалык негиздеги бюджеттердин долбоорлорун сапаттуу жана өз убагында түзүү максатында кабыл алынган.

Мындан улам Министрлер кабинети төмөнкүлөрдү бекитүү чечимин кабыл алды:

1) Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясын түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускама;

2) Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускама.

Буга катар Кыргыз Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрында кабыл алынган № 854 «Программалык негизде бюджеттөө жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылды.

Copyright © 2017 Maral FM