Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Мигранттарга өнөр үйрөтүп жибергенде, өлкөгө 8 млрд сом түшмөк

Кыска кабар | 7 Июн 2022 | 468 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мигранттарды чет өлкөгө өнөр үйрөтүп жибергенде, өлкө казынасына 2, 5 млрд эмес, 8 млрд сомго чейин акча түшмөгүн белгиледи.

Ошондой эле ал бүгүнкү күндө мигранттарга өнөр жана чет тилдерди билүү жетишпей жатканын айтты.

«Бир баланы багуу үчүн жаңы өнөр, жаңы заманбап билим керек. Аларга өнөр үйрөтүп, анан миграцияга коё бере турган болсок, анда мигранттардан 2, 5 млрд эмес, 8 млрд сомго чейин акча келмек. Мына кенедей эле Армения, ал жакта 3 млн киши бар, убагында англис тилин үйрөнүп алышкан экен. Исскуство, чоң-чоң акча төлөнө турган жактарда иштегендиктен, жыл сайын мигранттар 8 млрд долларга чейин жиберип турат. Биз кара жумуштан имараттардын ичине кирдик, бирок дагы деле өнөр жетишпей жатат. Англис тилин, компьютерди жакшы билбей жатабыз, буйруса, жакынкы 12 жылдын ичинде биздин балдардын баары ден соолугу чың болуп, орус, кыргыз тилин гана эмес, англис жана интернет тилин, компьютерди да билип калат. Биз ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Мигранттарыбызды буйруса, Кыргызстанда жашап, дүйнө жүзүндө иштегенге өткөрүү оюбуз бар». 

Copyright © 2017 Maral FM