Биз менен байланышыңыз

«Куруучуларга жер, суу маселеси жана бюрократия тоскоол болот»

Экономика | 25 Авг 2021 | 1386 | 0

24-августта Бишкекте курулуш секторунун алдыңкы өкүлдөрүнүн бейформал жолугушуусу болуп өттү. Бул иш-чарага курулуш материалдарын чыгаруучу компаниялардын өкүлдөрү жана курулуш тармагында кызмат көрсөткөн ишкерлер катышты. Отурумду тармактагы негизги көйгөйлөрдү биргеликте чечүү жана тажрыйба топтоо максатында ЖИА бизнес-ассоциациясы уюштурган.

Кыргызстандын жети дубанынан келген ишкерлер гольф ойноо менен бирге тажрыйба алмашты. Ошондой эле курулуш материалдарын чыгарган бир нече компания өзүнүн өндүрүмүн көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк алышты.

Иш-чара боюнча ЖИА бизнес-ассоциациясын аткаруучу директору Фархад Пакыров буларга токтолду:

«Бул иш-чара курулуш тармагында кызмат көрсөткөн ишкерлердин бейформал жолугушуусу болууда. Баарыбызга белгилүү болгондой, пандемия убагында экономикалык абал төмөндөп, аны менен катар курулуш тармагындагы ишкерлер да кыйналып турган маалы. Буга байланыштуу ишкерлерди колдоо максатында, алардын эки тараптуу сүйлөшүүсүн, кызматташуусун арттыруу ниети менен бул жолугушууну уюштуруп жатабыз. Баарыбыз билгендей, бизнесте таанытуу өтө маанилүү, баарлашып, пикир алышуу тыгыз кызматташууга өбөлгө болот». 

Ишкерлердин айтымында, мамлекет курулуш тармагына шарт түзүп берип жаткандай болгону менен, чындыгында, аларга бут тоскондор да бар. Куруучулардын эң негизги көйгөйү: жер, суу түтүктөрү жана бюрократия. Курулушчулар союзунун төрагасы Аскарбек Молдобаев түзүмүн жана курамын жакында эле кайра жаңырткан Мамлекеттик курулуш агенттиги реформа жасайт деген үмүттө турганын айтат.

«Сыртынан карасаң, мамлекет курулуш тармагындагы ишкерлер менен тыгыз кызматташып, колдоо көрсөтүп жаткандай эле болот. Бирок маселенин түпкүрүнө келгенде, баягы ар кыл органдар ишкерлерди акырын «чымчып» кетип, тоскоолдук жаратышат. Жалпылап айтканда, курулушту өздөштүрүү бутагына активдүү көңүл буруу азырынча байкалбайт. Өзүңүздөр билгендей, жакында эле Мамлекеттик курулуш агенттигин Транспорт жана коммуникациялар министрлигине кошуп жиберип, аз жерден курулуш структурасын жоготуп ала жаздадык. Биз кайрылып жатып, президент бул агенттикти кайра калыптандырган эле. Эми мындайча айтканда, Мамлекеттик курулуш агенттиги жаңыланып калды да. «Буюрса жаңы жүз, жаңы кызматкерлердин курулуш тармагына болгон мамилеси өзгөрөт го…» деген үмүттөбүз. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго да кирип чыккан элек, ал кишиге да болгон маселени түшүндүрүп бергенбиз». 

Эске салсак, буга чейин курулуш тармагындагы мыйзамдарды жакшыртуу, куруучуларга көмөктөшүү максатында Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов бир нече жолу жолугушуу өткөргөн. Ага улай ЖИА бизнес-ассосиациясы да ишкерлерди чогултуп, курулуш тармагындагы көндүмдөр, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен иштешүү боюнча маалымат алышууга шарт түзүп берди.

ЖИА бизнес ассоциациясынын алдындагы курулуш комитетинин төрагасы Чолпонбек Акматов ассоциация курулуш тармагы боюнча бир катар алгылыктуу иштерди жасап келатканын белгилеп өттү.

«Пандемиядан кийин көп сектор токтоп калды. Бир топ көйгөй жаралды: мисалга уруксат кагаздарын алуу, Бишкек шаарындагы суунун тарифи деген сыяктуу. Акыркы бир жылдын ичинде курулуш тармагына байланыштуу «Курулушту жана долбоорлоону паралелль жүргүзүүгө мүмкүндүк берүү жөнүндө» жана «Өрт коопсуздугу жөнүндө» деген эки мыйзамга өзгөртүү киргиздирдик. Андан сырткары жакынкы аралыкта Бишкек шаардык кеңеши менен да чогуу иш алып барууну көздөп жатабыз». 

Өлкө казынасынын 10 пайызын камсыздаган курулуш тармагына өкмөт тарабынан азырынча алгылыктуу колдоо боло элек. Мындан улам ишкерлер өз ара чогулушуп, билим тажрыйбасы менен алмашып, өз алдыларынча иш алып барууну максат кылышууда.

Copyright © 2017 Maral FM