Биз менен байланышыңыз

Улукбек Марипов Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси болду

Кыска кабар | 25 Янв 2022 | 590 | 0

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Улукбек Марипов Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгындагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 24-январдагы жыйынында мурдагы премьер-министр Улукбек Мариповдун Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси кызматына талапкерлигин карап, бардык мүчөлөрү бир добуштан колдогон.

Кыргызстандын Сауд Аравияда элчиси болуп буга чейин Абдилатиф Жумабаев иштеген.

Улукбек Марипов 2021-жылдын 3-февралынан 5-майына чейин өкмөт башчы кызматын аркалаган.

Ал 42 жашта. Ош техникалык университетин аяктаган. Ошондой эле Ош мамлекеттик университетин финансы жана кредит, юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу: 

  • 1997-2001 — «Кызыл Кетмен» дыйкан чарбасынын жетекчиси;
  • 2001-2002 — Каржы министрлигинде жетектөөчү адис;
  • 2002-2003 — Каржы министрлигинин кирешелер боюнча комитетинин төрагасынын жардамчысы;
  • 2003-2005 — Баткен облусунун губернаторунун жардамчысы;
  • 2005-2006 — Жогорку Кенештеги депутаттын консультанты;
  • 2006-2008 — Президенттин администрациясынын уюштуруу иштери, көзөмөлдөө жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүндө эксперт;
  • 2008-2009 – Президенттин администрациясынын уюштуруу жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүндө мамлекеттик инспектор;
  • 2010 — Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эл аралык кызматташуу башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2010-2011 – Өкмөттүн аппаратынын уюштуруу-инспектордук жана аймактык башкаруу бөлүмүндө инспектор;
  • 2011-2015 – Президенттин жардамчысы;
  • 2015-2016 — Президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары;
  • 2016 — Эсептөө палатасынын төрагасы;
  • 2021-жыл, февраль — октябрь — Премьер-министр, Министрлер кабинетинин төрагасы.

Copyright © 2017 Maral FM