Биз менен байланышыңыз

Марипов менен Мишустин эки өлкө ортосундагы маселелерди талкуулашты

Кыска кабар | 20 Авг 2021 | 521 | 0

Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун жана Орус Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустиндин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттары боюнча пикир алмашты, анын ичинде энергетика, транспорт жана өнөр жай тармагындагы кыргыз-орус соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси талкууланды.

Улукбек Марипов жана Михаил Мишустин биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, өлкөлөр ортосундагы соода жүргүзүүнүн оңдуу динамикасын жана экономикалык активдүүлүктүн ырааттуу калыбына келтирилишин канааттануу менен белгилешти.

Суйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар ошондой эле Кыргызстан жана Орусиянын Кайчылаш жылынын жыйынтыктарын жана Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун алкагында мындан аркы кызматташууну талкуулашты.

Copyright © 2017 Maral FM