Биз менен байланышыңыз

Кокулов: Каржы пирамидасын схемаларын ачык жарыялап, токтотсо болот

Кыска кабар | 10 Фев 2022 | 1703 | 0

Бүгүн, 10-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов каржы пирамидасы менен алектенген шылуундарды көзөмөлгө алуу зарылчылыгын белгиледи.

Анын айтымында, акыркы 4 жылдан бери элди алдагандар көбөйгөн.

«Эл алданып жатат. Андыктан Министрлер кабинети ыкчам чара көрүп, шылуундукту токтотушу керек. Бул схемаларды ачыкка чыгарып токтотсо боло турганын көргөм. Бул тармакта ИИМ жакшы иш алып барбай жатат. Биринчи кайрылып келген жарандардын арызы каралбай туруп калгандыктан, көп адам алданып калууда. Каржы пирамидаларынын аягы жаман бүтөт дегенге карабай, көп адам адашты», — деп кошумчалады.

Ошондой эле ал бул багытта келген биринчи эле арызды ИИМдин кызматкерлеринин кароосу менен маселенин алдын алууга боло турганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM