Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаровдун Сауд Аравиясына расмий сапарына даярдыктар жүрүүдө

Кыска кабар | 22 Сен 2021 | 570 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим Аль Радини кабыл алды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, Кыргызстан Сауд Аравия королчулугу менен келечекте ырааттуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө артыкчылыктуу маани берет, ошондой эле президент Садыр Жапаровдун Сауд Аравияга расмий сапарына карата даярдыктар тууралуу маалымат берди.

Улукбек Марипов билдиргендей, кийинки жылы эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулганына 30 жыл толот жана 2022-жылды Кыргызстан жана Сауд Аравия элдеринин ортосундагы Достук жылы катары жарыялоону сунуштады, анын алкагында экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда ар кыл иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Сауд Аравиянын элчиси Ибрахим Аль Ради министрлер кабинетинин төрагасынын демилгесин колдоого алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин талкуулады.

Copyright © 2017 Maral FM