Биз менен байланышыңыз

Кризис: Депутаттар жоопкерчиликти өкмөттөн талап кылды

Саясат | 17 Июн 2021 | 5202 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык маселелер жана мыйзам долбоорлору каралды. Ошондой эле депутаттар тарабынан Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго карата сын-пикир айтылып, ага ишенбөөчүлүк көрсөтүү менен отставкасын талап кылуу сунушталды. Депутаттардын нааразычылыгына Министрлер кабинетинин төргасынын жыйынга келбей койгону себеп болду. Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлгөн маселелер боюнча алдыда кененирээк токтолобуз.

Бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйыны депутаттардын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун жыйынга келишин талап кылуусу менен башталды.

Депутаттар кургакчылык, экономикалык кризис, өлкөдөгү жалпы абал боюнча Мариповдун маалымат берип, антикризистик программасы менен тааныштыруусун талап кылышты. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов бир күн мурда чакырылган.

Бүгүн Министрлер кабинетинин антикризистик программасы тууралуу жана республиканын аймактарын сугат суу менен камсыз кылууда түзүлгөн кырдаал жөнүндө Марипов баяндама жасамак. Жыйынга министрлер келип, төрага келген эмес. Жыйындын жүрүшүндө депутат Бакыт Төрөбаев Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго чара көрүү жана анын отставкасы боюнча маселе көтөрдү.

«Балким Улукбек Марипов сиз менен жолуккандыр. Балким сизде маалымат бар. Урматтуу кесиптештер, комитеттин чечимин чыгаруу керек. Ишенбөөчүлүк көрсөтөбүзбү же Улукбек Марипов өз ишин так аткара алган жок деп, бир чечим чыгаруу керек. Ошондо маселе олуттуу болот. Азыр келет, сүйлөйт, кетет. Мына кечээ Бакыт Райымкулов сүйлөгөн. Ал (Марипов) биз менен сүйлөшпөй калды, пресса аркылуу жооп берип койду Райымкуловго. Ал биз менен пресса аркылуу сүйлөшүп жатат. Жаңы дайындалганда эмне деп айтты эле, чоң атанын сөзүн сүйлөгөн, «акимдер, арыктарыңарды тазалагыла» деп. Мына жыйынтык жок, суу жок. Ушул жерде трибунадан Кайырма каналы жөнүндө айтып, эмне болду? Эмне кылабыз келтирип? Азыр комитет карасын, жыйынтык чыгарсын. Азык-түлүктүн баасы көтөрүлдүбү, аркы-берки маселелер көтөрүлдүбү, мына ушулардын негизинде бир чечим чыгарып коюу керек. Президентти уят кылып жатат. Жаңы Конституциянын негизинде иштебейби жок дегенде. Акттарды, дайындоо, буйруктарды кайсы мыйзамдын негизинде чыгарып жатат? Бул түздөн-түз мыйзам бузуу. Конституция боюнча президентке гана укук берилген. Мариповго нааразычылык күчөп жатат». 

Жыйынтыгында жогоруда айтылган маселелер парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинде Улукбек Мариповдун катышуусунда каралмай болду.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов комитет жыйынында 4 айда аткарылган жана аткарылып жаткан иштер боюнча айтып, депутаттардын суроолоруна жооп берди. Депутаттар эң көп сугат суунун тартыштыгы маселесин көтөрүп, Өкмөт тарабынан алдын алуу чаралары көрүлбөгөнүн сынга алышты.

Ал ортодо Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, кызматынан кетүүгө даяр экендигин билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө кыйынчылык болгондуктан бардык маселени чечүүгө аракеттер көрүлүп жатат.

«Эгерде маселе менде болсо, азыр кетүүгө даярмын. Мен деле жыргап, ырахаттанып иштеп жаткан жерим жок. Кыйынчылык болгондуктан уктабай иштеп жатабыз. Биздин максат: маселени чечүү. Президентибиз «Кумтөр» кенинен баштап бардык маселени коюп жатат. Биз аракет кылып жатабыз. Бирөөдөн пара алып жумушка койсом, жумуштан азыр кеткенге даярмын. Менин максатым: эртең биз иштеп кеткенден кийин артымда бир иш калса экен деп жатам. Ошол эле учурда жоопкерчиликти алганга даярмын. Капиталдык салымдар жетпей жатат, чече албай жатам, суу жетпей жатат. Кайсы жагына жеткирейин? Эми ушул маселени чечебиз да, Кудай буйруса». 

Ага жооп катары депутат Самат Исманов Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповга кайрылып, «ана кетем, мына кетем» дебей, жоопкерчиликти сезип иштөө керектигин эскертти.

«Силер «ана кетем, мына кетем» дебей, иштегиле да. Кетүү керек болсо, айтпай эле «бүттү, тойдум силерден» деп кетип калуу керек болчу. Эгерде иштей турган болсоңор, иштегиле. Анткени биз көп сүйлөйт экенбиз. 8 ай мурун мен телевизордун аркы бетинде отурчу элем, ошондо эле сиз бул жакта көп сүйлөйт элеңиз. Бүт биздин чиновниктер көп сүйлөйт, кана кыйраткандары? Суу чарба департаментинин жетекчилерин карагылачы кандай машина айдайт? Ошонун баарын санап берейинби? Ушунун баары коррупция, элдин суусун сатып байып жатышат. Ушунун баарын токтоткула!»

Ал эми депутат Уланбек Исмаилов Өкмөттүн антикризистик планы жок экенин, суу тартыштыгы боюнча алдын ала эч кандай иш алып барылбаганын белгилеп, жумушуна канааттанбаганын билдирди.

«Эгерде алдын ала иш жасаган болсоңор, эмне үчүн үнөмдөө режимине өткөн жоксуңар? Эмне үчүн суу сактагычыңар бүгүнкү күнгө чейин бош? Алдын ала көрө билүү керек болчу ошону. Мен ойлойм, бул жерде сиздин да түздөн-түз күнөөңүз бар. Өзүңөргө өзүңөр баа берип коюшуңар керек, балким туура эмес адистерди кызматка койгонсуңар? Келгениңизге 100 күндөн ашканын айтып жатасыз. Бул жакта суу боюнча келишимдер 1993-жылда кабыл алынып, бүгүнкү күнгө чейин иштеп жатат экен. Ошондой эле суу боюнча эл аралык келишимдер өзгөртүлгөн жок, аларды өзгөртүү боюнча эмне аракет кылдыңар? Эмнеге жерден чыккан муңай заттар баалуу товар да, суу товар эмес? Булар боюнча келечекти ойлоп эмне жумуш жасалды?»

Комитеттин жыйынынын аягында Улукбек Марипов ага карата айтылган сын-пикирлердин баарын туура кабыл ала турганын, Жогорку Кеңештин эртең мененки жыйынына маанилүү жолугушууга байланыштуу келе албай калганы үчүн кечирим сурап, көтөрүлүп жаткан маселелер боюнча ар бир жетекчинин жоопкерчилиги караларын, ошондой эле Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган бардык чечимдерди аткарууга даяр экенин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM