Биз менен байланышыңыз

Марипов Баткен элинин муктаждыктарын камсыздоону тапшырды

Кыска кабар | 1 мая 2021 | 443 | 0

Премьер-министр Улукбек Марипов кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Марипов биринчи кезекте жергиликтүү калкка кам көрүү максатында, азык-түлүк, тамак-аш, дары-дармектер, гигиена каражаттары жана башка муктаждыктарды камсыздоо зарыл экени билдирди. Ал камсыздоо үзгүлтүксүз түрдө жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

Премьер-министр Баткен облусунун тургундарына жардам көрсөтүү иретинде Өкмөт тарабынан түзүлгөн “Баткенге көмөк” штабынын ишинин алкагында жакын арада Баткенге гуманитардык жүктүн партиясы жөнөтүлөрүн кошумчалады.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM