Биз менен байланышыңыз

Жапаров менен Рахмондун сүйлөшүп баштаганына беш сааттан ашты

Кыска кабар | 29 Июн 2021 | 2560 | 0

Президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 29-июнда Душанбе шаарында жолугушууда. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрү башталгандан бери беш сааттан ашык убакыт өттү.

Мамлекет башчылары эки тараптуу жолугушууну эртең мененки саат 9:20да баштап, саат 11:00гө чейин уланмак. Жеке жолугушуунун алдында Эмомали Рахмон: «Тажикстан менен Кыргызстан көп тараптуу негизде конструктивдүү кызматташат. Сиздер менен өз ара мамилелерибиздин бардык чөйрөсүнүн бүгүнкү күндөгү абалы менен келечегин талкуулоого даярбыз», — деп айткан.

Өз кезегинде Садыр Жапаров: «Ушул жылдын 28-30-апрель күндөрүндө болгон трагедиялуу окуялар эки өлкөнүн эли үчүн оор тарыхый сыноонун жана кайгы-капанын күндөрү болуп калгандыгын өкүнүү менен белгилегим келет. Келечекте эки тарап тең куралдуу кагылышуунун кайталанышына жол бербеши керек», — деген.

Андан кийин президенттер жабык эшик артында сүйлөшүүгө өтүшкөн. Эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусун чагылдырууга барган журналисттер билдиргендей, алар чийме түтүктөрүн алып кирип кетишкен. Анда адатта географиялык карталар же чиймелер ташылат.

Протоколго ылайык, саат 11.00дө кеңейтилген курамдагы жыйын башталмак. Кыргызстандын расмий делегациясы саат 15.00дө Бишкекке жөнөп кетишмек.

Copyright © 2017 Maral FM