Биз менен байланышыңыз

«Бүгүн кыргыз ишкерлери ойгоно турган учур»

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Янв 2021 | 1025 | 0

Бүгүн кыргыз ишкерлери ойгоно турган учур. Мындай пикирин ишкер Түгөлбай Сайдалиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Биз окуп, изденүү менен бирге эл аралык деңгээлге чыгууга жан үрөшүбүз керек. Андан биз эч нерсе көрбөшүбүз мүмкүн, бирок Кыргызстандын жаштары жаркын келечекте жашайт. Адам жасаган ишинен ырахат алышы керек. Кээ бир тармак киреше алып келбейт. Биро ал ишканалар жумуш орундарын түзүп, кимдир бирөөнүн үй-бүлө багуусуна себепчи болуп жатат. Мен мындан ырахат алам. Ишкердигибиздин аймактарда өнүгүүсүнө, ийгилигине биздин команданын ыраазычылыгы, ишеним көрсөтүүсү дем-күч берет. Мындан сырткары билим алып, өлкө кыдыруу — маанилүү нерсе»,— дейт Сайдалиев.

Анын айтымында, эгерде жетекчи билимге умтулбаса, тобокелге барбаса, жаңы ачылыштарды жасабаса, анда кызматкерлер да ошондой болот. Кадрларды шыктандырып туруу зарыл. Алардын ички көйгөйүн уга билүү да маанилүү. Буга кошумча кызматкерлер байма-бай окутулуп турушу керек.

«Мусулмандын бир күнү экинчи күнүнө окшошпошу керек» деп хадисте айтылгандай, биз күн сайын жаңыланып турушубуз кажет. Ар дүйшөмбү сайын Куран окуп, гимн ырдап, жумалык план түзөбүз. Анткени Аллахты мактоо сөзсүз түрдө жан дүйнөгө таасир этет. Экинчиден, гимн ырдоо жан дүйнөгө күчтөнүү алып келет. Кызматкердин ыймандуу болушу мага пайдасын тийгизбесе да, мамлекет, коомчулук үчүн өтө маанилүү», — дейт ишкер.

Copyright © 2017 Maral FM