Биз менен байланышыңыз

Аймактардагы ишкерлер эмнеге даяр болушу керек?

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Фев 2021 | 1298 | 0

Экономика министрлигин Финансы министрлигине бириктирүү жаңы бюрократияны жаратат. Мындай пикирин JIAнын төрагасы Жоодар Омошев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Эми бизнес менен ким иштейт?» — деген суроо туулуп жатат. Чет өлкөлөрдө аймактагы ишкерлерге маалымат берип, көмөк көрсөтүүчү бөлүмдөр бар. Кыргызстандын аймактарында мындай шарт жок. Аймактарда ишкер өз жолун өзү таап кетиши керек. Бул жерде көз карандысыз бизнес ассоциацияларына, жумуш берүүчү уюмдарга эбегейсиз жоопкерчилик түшөт. Анткени ушулар гана өкмөт менен ишкердин ортосунда көпүрө болуп, божомолдорун айтып, жол картасын чийүүгө жардам бере алат», — дейт Омошев.

Анын айтымында, аймактардагы ишкерлер көз карандысыз бизнес ассоциацияларына, жумуш берүүчү уюмдарга кайрылып, жардам ала алышат.

Омошевдин пикирин «Траст Сервис» компаниясынын жетекчиси Турат Дубанаев да кубаттайт. Анын баамында, учурда өлкөдөгү бардык ишкерлерге көп нерсе белгисиз.

Copyright © 2017 Maral FM