Биз менен байланышыңыз

«Ишкерлерге колдоо көрсөтө албаган өкмөт тоскоолдук жаратпаса»

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Фев 2021 | 692 | 0

Учурда Салык кызматы ишкерлерден пандемия убагында чогулуп калган салыктарды топтоо аракетинде. Бул тууралуу JIAнын төрагасы Жоодар Омошев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ишкерлерге грант, насыя бере албаган өкмөт жок дегенде тоскоолдук жаратпай, салык жагынан жардамчы болушу керек. Аткаруу бийлигинин колунда мындан башка инструмент жок. Акча бере албайт.

Өкмөт бизнеске тоскоол болбой, эч болбосо текшерүүлөргө мораторий киргизүү менен көмөк көрсөтүшү зарыл.

«Азыр көпчүлүгүнө ачык жазышууда. Антпесе кызматкер сөгүш алып, жумуштан кетиши ыктымал. Салык кызматы туумдарды албай, салыктарды төлөө мөөнөтүн күзгө жылдырса туура болмок. Себеби мамлекет башка өлкөлөргө окшоп, бизнеске, ишкерлерге каражат бере алган жок. Сырттан келген каражаттын басымдуу бөлүгү мамлекеттик кызматтарда иштегендердин маяналарына, социалдык төлөмдөргө сарпталды. Кыскасы, бизнеске эч нерсе берилген жок», — дейт Омошев.

Copyright © 2017 Maral FM